Трамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдө
Ататүрк сейил багындагы үйлөр боюнча сотко 41 арыз жолдонду
29.05.2024 | 09:20
Ататүрк сейил багындагы үйлөр боюнча сотко 41 арыз жолдонду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Кечээ муниципалитет парктын аймагындагы айрым курулуштарды бузууну баштады.
Белгилей кетсек, Ататүрктүн 43 гектар жеринде 198 объект уруксатсыз жайгашкан. Алардын катарында көп кабаттуу турак жай дагы бар. Парктын аймагындагы жер тилкелери жогорку кызматта иштеген мурдагы аткаминерге, саясатчыларга берилип кеткендиги айтылып, алардын тизмеси дагы жарыяланган.
Парламенттин айрым депутаттары сейил бактагы үйлөрдүн кожоюндарын коргоп чыгышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом