Атайын кызмат ЖКнын мурдагы депутаты Улугбек Садиковду кармады
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ал эми азыр «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору С.У.Ч. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен А.А. аттуу жарандын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Келишимдин алкагында А.А. курулуш үчүн Ош шаарынын аймагынан 45 сотук жер тилкесин берген. Ошондой эле курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2 миң 750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген.
Бирок, УКМКнын маалыматы боюнча, С.У.Ч. өзүнүн таасирин пайдаланып, келишимдеги милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында, С.У.Ч.га карата Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Күч органдарынын булактары Reporter.kg’ге кармалган адам «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садиков Улукбек Чирмашевич экенин билдирди.