Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташып баратып автобустун ичинде тамеки чеккен айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Милицияны кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 83-беренесине ылайык (белгиленбеген жерлерде тамеки тартуу) 3 миң сом айып салынган.