Айбек Жунушалиев: Мирлан Таалайбековдун жетекчилигинде шаарда тартип орноду

08.10.2025 | 11:06

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековду коргоп чыкты. Ал Биринчи радионун суроолоруна жооп берип жатып, шаардык кеңештин сессиясында айтылган айрым сын-пикирлерге комментарий берди.

Мэрдин айтымында, Таалайбеков жетекчиликке келгенден кийин муниципалдык инспекциянын ишинде оң өзгөрүүлөр байкалган.

— Казыбек Эргешов үч чакырылышта кызмат кылды. Шаар үчүн эмне кылды? Албетте, жөн эле айтып, сындап коюу оңой. Мен айтар элем, Мирлан Таалайбековдун жетекчилигинде муниципалдык инспекция үч айда бир топ иштерди бүтүрдү. Орто-Сай, Аламүдүн базарларындагы башаламандык кандай болгонун баарыбыз билебиз, — деди Айбек Жунушалиев.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов сессия учурунда Мирлан Таалайбековдун муниципалдык инспекциянын башчылыгына дайындалышынын мыйзамдуулугун кароону сунуштаган. Ал жетекчинин милдетин аткаруучу болуп кадрдык резервден эмес адам дайындалганын айтып, бул чечимдин мыйзамга шайкештигин тактоону суранган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айында Казыбек Эргешов терезени мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 20 миң сом айыпка жыгылган. Аны ошол учурда Кайгуул милициясынын басма сөз катчысы болуп иштеген Мирлан Таалайбеков токтоткон.

Scroll to Top