Айбек Жунушалиев: Таштанды заводу быйыл 28-декабрда ишке берилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү завод ушул жылдын 28-декабрында ишке берилет тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ноябрдын ортосунан тарта таштандыны кабыл алуу иштери башталат. Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөгөнгө даярдайт. Андан соң 28-декабрда, завод ишке берилгенде, таштанды өрттөлүп, андан чыккан энергия жалпы тармакка берилет.
“Негизинен суткасына 460 МВт электроэнергия кубаттуулугу өндүрүлүп, анын 410 МВт шаардык энергетика тутумуна берилет. Бирок кийин завод 750 МВт кубаттуулук электр энергиясын өндүрүүгө жетишмекчи”,- деп билдирди мэр.
Айбек Жунушалиев негизги максат таштандыны жөн гана жок кылуу эмес, процессти экологиялык жактан коопсуз жүргүзүү болуп саналарын, абага бир грамм да зыяндуу зат чыкпоого тийиш экенин кошумчалады.