Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында йдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, жарандардын акчасын ээлеп алууга шектелип 28 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-декабрында милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын 11-декабрында Көк-Жар конушунда өзүн А.К. деп тааныштырган адам айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү шылтоосу менен жабырлануучунун 120 миң сомун алып, милдеттенмелерин аткарбай изин суутканы айтылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча, шектүүнүн алты алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталганын билдирди. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин тактоо иштери уланууда.