Айгүл Жапарова кыргызстандыктарды тоолорго бат-баттан барып турууга чакырды

01.08.2025 | 11:08

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова кыргызстандыктарды жаратылыш менен жакын болууга үндөп, тоолорго бат-баттан барып турууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Айгүл Жапарова быйыл Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көл сыяктуу Кыргызстандын кооз тоолуу аймактарына барганын белгилеп, мындай деп жазган:

“Тоолор – бул жөн гана жаратылыш эмес, бул биздин күчүбүз. Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам. Алардын энергиясын сезип, асманды чагылдырган көлдөрдү көрүп, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз”,-деген ал.

Анын бул чакырыгы жаратылышты сактоо жана экотуризмди өнүктүрүү багытында коомчулукта кеңири колдоо табууда. Кыргызстандын тоолору — өлкөнүн байлыгы жана руханий кубаты экенин эске салган биринчи айым, жаратылышка болгон сүйүүнү жаш муундардын аң-сезимине сиңирүү маанилүү экенин да кыйытты.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top