Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Айпери Медет кызы UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты
25.07.2025 | 17:41

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (UWW) рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Аталган рейтинг 17–20-июль күндөрү Венгрияда өткөн эл аралык турнирден кийин жаңыртылган. Турнирде ал 76 килограммга чейинки салмак даражасында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.
Турнирдин жыйынтыгында Айпери Медет кызы 5200 рейтингдик упай алып, мурда биринчи сапта турган жапониялык спортчу Юка Кагамини артта калтырды.
Айпери Медет кызы 26 жашта. Балбан кыз – дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, ошондой эле Азия чемпиондугунун үч жолку жеңүүчүсү.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт