АКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргиздиАламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБалдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштарыНарын облусундагы кен казуучу компаниялар суу үчүн 1,2 миллион сом төлөштү
Кыргызстан дүйнөлүк паспорт индексинде 73-орунду ээледи
25.07.2025 | 18:50

Кыргызстандын паспорту дүйнө рейтингинде 73-орунду ээледи. Бул тууралуу Henley & Partners компаниясы жарыялаган Дүйнөдөгү паспорттордун 2025-жылкы индексинде (The Henley Passport Index 2025) маалымдалды.
Индекстеги бул маалымат кыргызстандыктар дүйнөнүн 63 өлкөсүнө визалык чектөөсүз, эркин саякаттай алышат дегенди түшүндүрөт. 73-орунда Кыргызстан менен бирге Африканын Зимбабве жана Руанда мамлекеттери турат.
Рейтингдин сап башында Сингапур турат. Бул мамлекеттин жарандары 193 өлкөгө визасыз кире алышат. Андан кийин 2-орунда Жапония менен Түштүк Корея турат, жарандары 190 өлкөгө визалык чектөөсүз саякаттай алышат.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн паспорттору төмөнкү орундарды ээлешкен:
- Казахстан: 63-орун (79 өлкө);
- Өзбекстан: 74-орун (62 өлкө);
- Тажикстан: 80-орун (56 өлкө);
- Кытай: 60-орун (83 өлкө).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом