Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыкты

Президенттин администрациясынын маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков Айсулуу Мукашеваны өлтүрдү деп шектелген адамдын буга чейинки кылмыштары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, шектүүнүн аты — Кумарбек, 41 жашта. Ал акыркы жолу 17 жаштагы Айсулууну зордуктап, муунтуп өлтүргөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын буга чейин дагы бир нече кызды зордуктап, айрымдарын өлтүргөнү аныкталууда. Курмандыктарынын көбү 17–25 жаштагы кыздар болгон.
Маалыматка караганда, шектүү такси айдоочусу катары кыздарды унаасына салып, ээн жерге алып барып, колун байлап зомбулук көрсөткөн. Андан соң муунтуп, өлтүргөн учурлар катталган.
Мындан тышкары, мурда эки кыз анын колунан аман калган. Бир иш боюнча айып пул менен кутулса, экинчисинде Бишкек шаардык сот “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренесин “тоноо” беренесине өзгөрткөн. Натыйжада Кумарбек жеңил жаза алып, эркиндикке чыккан.
Тергөө уланууда.