УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Айсулуу Тыныбекова расмий түрдө UWW рейтингинен чыгарылды
02.10.2025 | 15:46

Кыргызстандык балбан, Олимпиаданын коло байге ээси Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөштүн (UWW) жаңыланган рейтингинен чыгарылды.
Бул чечим 13–21-сентябрда Хорватияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгынан кийин белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Тыныбекова Париж Олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктаарын айтып, Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Ошондой эле ал жакында UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болду.
Ал 2024-жылдын аягында ал 62 кг салмак категориясында дүйнөдө 3-орунда турган.
- Апрель айында Азия чемпионатынан кийин – 5-орун,
- Июнда – 7-орун,
- Ал эми Хорватиядагы дүйнө чемпионатынан кийин — рейтингден толук чыгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт