Айыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

25.03.2026 | 12:03

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Эмгекчил айылына жумушчу сапары менен барды. Ведомство башчысы жергиликтүү мал чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерип, аймактагы учурдагы эпизоотиялык абалга баа берди.

Калк менен жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары мал чарбачылыгы чөйрөсүндөгү бир катар актуалдуу көйгөйлөрдү айтышты. Бул кайрылууларга жооп берип жатып, министр оорулуу мал-жандыктарды милдеттүү түрдө бөлүп кармоо (изоляциялоо) зарылдыгы тууралуу катуу эскертүү берди. Ал бул кадам мал арасында инфекциянын жайылышын алдын алуудагы негизги чара экенин баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Эрлист Акунбеков жергиликтүү ветеринардык кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди:

  • айыл тургундарынын арасында коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  • пайда болгон маселелерди түздөн-түз жеринде ыкчам чечүү;
  • оорулардын алдын алуу боюнча өз убагында чараларды көрүү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар малдын саламаттыгын сактоого жана Нарын облусунун агрардык секторундагы туруктуу абалды колдоого багытталган.

Ошол эле учурда, Айыл чарба министрлиги мал так кандай оору менен ооруп жатканын тактаган жок.

Scroll to Top