Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Айыл чарба министрлиги: Быйыл мал экспорту кыйла азайды
18.08.2025 | 17:17

Айыл чарба министрлиги быйыл мал-жандыктын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу кыйла азайганын билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 миң 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 миң 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду.
Ал эми былтыр, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 миң 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 миң 392 кой-эчки жана 5 миң 113 жылкы экспорттолгон.
Министрлик экспорттун азайышы малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетпешине жол бербөө жана этке болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн көрүлгөн чараларга байланыштуу экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги, экспорт