Айыл тургундарына өз айылында айыл өкмөт башчысы болууга уруксат берилди

25.09.2025 | 17:10

Жогорку Кеңеш айыл тургундарына өз айылында айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген документ парламент тарабынан дароо үч окууда жактырылды.

ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, буга чейин айыл тургуну өз айылында эмес, башка аймакта гана айыл өкмөт башчысы болуп шайлана алган. Бирок мындай ротация натыйжалуу болбой, жетекчилер кызматында узак кармалышкан эмес.

«Биз айыл тургундары өз айылында гана жемиштүү иштеп, өз айылдаштарына кызмат кыла алышарына ынандык. Ошондуктан мындай өзгөртүүлөр киргизилип жатат», – деди төрага.

Жаңы мыйзам мурдагы чектөөлөрдү алып салып, жергиликтүү тургундарга өз айылындагы өз алдынча башкаруу органдарын жетектөөгө жол ачат.

Scroll to Top