Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Агартуу министрлиги 2025-жылдын мыкты мугалимин аныктады
25.09.2025 | 16:58

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык конкурс 22-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча жарышышкан.
Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкү сынактардан өтүшкөн:
- «Педагогикалык кырдаалдар» – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;
- «Мастер-класс» – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;
- «Сабак» – практикалык сабак өтүү сынагы.
Башкы жеңүүчүдөн тышкары калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталган:
- Мыкты башталгыч класстар мугалими – Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Ардак Токтоноева;
- Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы мектептин мугалими Озада Салахудинова;
- Мыкты тарых мугалими – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы мектептин мугалими Азирет Асылбеков;
- «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим – Ош шаарындагы №4 С. Киров атындагы мектептин мугалими Зулхумор Хафизова;
- Мыкты чет тил мугалими – Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров атындагы мектептин англис тили мугалими Махабат Шорохова;
- Мыкты география мугалими – Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин мугалими Эрали Абдиев;
- «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим – Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин мугалими Надира Шаршенбаева;
- Мыкты музыка мугалими – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы мектептин мугалими Кубанычбек Урпалыев;
- Мыкты дене тарбия мугалими – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы мектептин дене тарбия мугалими Асылбек Кыдыров;
- Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы мектептин мугалими Айнура Чынасылова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом