Азамат Жээнбеков Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.
Маалымдама: Жээнбеков Азамат Калысбекович, 1988-жылы туулган, эки жогорку билимдүү.
2012-жылдан 2019-жылга чейин 7-каналда, андан кийин 2019-2021-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат борборунун директору болуп иштеген.