“Дүйнө сулуусу” сынагында Айжан Чаначева ала качууга каршы чыкты  

“Дүйнө сулуусу” сынагында Айжан Чаначева ала качууга каршы чыкты  

Индияда өткөн «Дүйнө сулуусу-2025» сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Айжан Чаначева “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын дирекциясы менен биргеликте New Way даректүү тасмасын тартуулады.

New Way — бул жөн гана долбоор эмес, билим жана аң-сезимдүү тандоо аркылуу кыргыз кыздарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган кыймыл. Демилгенин максаты – ар бир кыз билим алууга, карьерага жана татыктуу жашоого укуктуу коомду түзүү. Тасмада кыздарды ала качууга,  зордук-зомбулукка каршы жана аялдардын укуктарын колдоо боюнча билдирүү камтылган.

Анда 2018-жылы Бурулай Турдалиеванын жана 2021-жылы Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү сыяктуу кайгылуу окуялар эске алынган. New Way мындай трагедияларды тарыхта калтыруу үчүн аракет кылып, алардын элесин урматтоого умтулат.

Кыргызстандык 26 жаштагы Айжан Чаначева буга чейин «Жер сулуусу» сынагына катышып, Miss Congeniality наамын утуп алган.

Ошондой эле 2019-жылы Кыргызстан сулуусу аталып, «Дүйнө сулуусу» сынагына катышмак. Бирок ордуна башка кыз барган.

Чаначева Кыргызстан жана Тайванда окуп, ыктыярчы болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>