Ажылык-2025: Муфтий зыяратчыларды Меккеге узатты

Ажылык-2025: Муфтий зыяратчыларды Меккеге узатты

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек Жидда багыты боюнча ажылык сапарына аттанган зыяратчыларды узатты.

Муфтий зыяратчыларга ак жол каалап, ыйык жайларда эл-журт, өлкө жана мекен үчүн дуба кылууну аманат кылды.

Ал эми Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Руслан Мусаев ушул күн ажылар үчүн куттуу күн экенин белгилеп, зыяратчыларды куттуктап, сак-саламат барып келүү тилегин билдирсе, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради ажылардын «хажжул-мабрур» (кабыл болгон ажылык) болуп кайтууларына тилектештигин билдирди.

Айта кетсек, 21-май күнү кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош-Мадина багыты боюнча учуп кеткен. Учурда алгачкы топ Мединадагы зыяраттарын өтөп болуп, ыйык Меккеге барып жайгашууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>