Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга гранттык негизде каражат бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга гранттык негизде каражат бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы туруктуу экономикалык өсүштү колдоого максатында Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн доллар акча бөлөт.

Прездинет Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргызстандынтуруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>