Азия чемпионаты: Дзюдочу Эрлан Шеров күмүш тагынды — сүрөт

Азия чемпионаты: Дзюдочу Эрлан Шеров күмүш тагынды — сүрөт

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Финалдык беттеште Шеров япониялык балбан Санширо Мурао менен күрөшүп, бирок утулуп калган.

Эрлан Шеров килем үстүнө бүгүн, 6-августта чыгып, таймашты чейрек финалдан баштаган. Алгачкы кармашында кытайлык спортчуну жеңген. Жарым финалдык беттеште ал казакстандык балбан Хамза Дидарды жеңип алган.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-августта 77 килограмм салмакта Чыңгызхан Сагыналиев коло медаль уткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>