АӨБ Кыргызстанга экономиканы жеке сектордун эсебинен өнүктүрүүнү сунуштайтБишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилдиЖаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болдуАӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланат
Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы күмүш медаль утту
09.04.2026 | 20:00

9-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттештер аяктады.
68 кг чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңип, Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ал чейрек финалда Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде, жарым финалда Кытайдын спортчусун жеңген. Финалдык кармашта Жапониянын балбаны Мива Морикаваны 2:1 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.
76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду. Ал чейрек финалда Кытайдын, жарым финалда Кытай Тайбэйинин спортчуларын жеңип чыккан. Финалдык беттеште Монголиянын өкүлү Даваанасан Энх-Амар менен күрөшүп, беттеш 4:2 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында Айпери Медет кызы экинчи орунду ээледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт