Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында бир алтын, эки күмүш медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында бир алтын, эки күмүш медаль утушту

12-16-февраль күндөрү Бангкокто (Таиланд) джиу-джитсу боюнча Азия чемпионаты болуп, ага 25 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки күмүш медалга ээ болушту.

Тянгубер Рамазан үч беттештин жыйынтыгы менен алтын утуп, Азия чемпиону болду. Кыргызстандын казынасына күмүш медалды Абдусалим Розобаев жана Янар Сарыбаев алып келишти.

Азия чемпионатына кыргызстандык спортчулар олимпиадалык резервдеги балдардын жана жаштардын спорт мектебинин колдоосу менен катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>