Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.
62 килограммга чейинки салмак ченинде ал япониялык спортчу Нонока Озакиге 9:1 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, финалда кыргызстандык жаракат алган.
Буга чейин Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынса, Айпери Медет кызы Азия чемпиону болгон.