Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр

Бүгүн, 12-февралда, президент Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяини кабыл алып, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Мамлекет башчысы өнөр жайды модернизациялоону жана Кыргызстанды аймактык хабга айландырууну стратегиялык максат катары белгиледи. Ал инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын айтты. Ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, генерацияны өнүктүрүү жана энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо пландарына токтолду.
Өз кезегинде Цзоу Цзяи АИИБ ишке ашырылып жаткан долбоорлорду каржылоону улантууга жана жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ал инфратүзүмдү өнүктүрүү, соода жана инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле жеке секторду колдоо багытында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. АИИБ башчысы Банк бул долбоорду каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Цзоу Цзяи “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даярдыгын айтып, бул боюнча кыргыз тараптан сунуштарды күтөөрүн кошумчалады.