«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны соттон утту

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны соттон утту

Бишкек шаарынын Административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын парламенттик шайлоого катышууга укук берди.

Бүгүн, 9-сентябрда Административдик сот «Бүтүн Кыргызстандын» Борбордук шайлоо комиссиясына карата жазган доо арызын карап, аталган комиссиянын буга чейинки чечимин жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 17 партиянын ичинен 15 партияны талапкер катары каттап, «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыраткан.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерин аныктоодо ички катачылыктар кеткен деген жүйө менен каттоодон баш тарткан.

Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>