Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүү үчүн келди. Ал суракка кирип баратып, журналисттерге өлкөгө кайтып келишинин негизги максатын айтып берди.
“7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң өлкөдөгү курчуп турган абалды токтотуу үчүн учуп келдим. Мен дайыма Кыргызстаныбызды сактап калууну дайыма айтып келем. Биримдик, бүтүндүк элибиздеги негизги байлык”, — деди Бабанов.
Бабанов ошондой эле УКМК аны Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү үчүн суракка чакырышы мүмкүн экенин айтты.