Бабанов элди жоопкерчиликтүү болууга, үйдөн чыкпоого чакырды

Бабанов элди жоопкерчиликтүү болууга, үйдөн чыкпоого чакырды

“Республика” партиясынын мурдагы төрагасы, экс-депутат Өмүрбек Бабанов коомчулукка кайрылып, карантиндин тартибин катуу сактоого чакырды.

“Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган кайрылуусунда, ал жалпы элди жоопкерчиликтүү болууга, бийликтин талаптарын аткарууга үндөгөн.

«Бүгүн карантиндин тартибин катуу сактайлы! Көчөгө чыкпаңыздар, үйдө болуңуздар! Эгерде өзгөчө абалга көңүл бурбай, кажетсиз көчөгө чыга берсеңиздер өзүңүздөрдү эле коркунучка алып келбейсиздер, жакын туугандарыңызга кыйналууларды алып келесиздер! Бул оору эч кимди аябайт, өзгөчө улгайган адамдарга катуу тиет!

Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат! Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Бирок атүгүл алар да азыр шайлары ооп жатат. Адамдар каза болуп, өлүмдөр көбөйүүдө.

Бийликтин өзгөчө абал жарыялаганын мен толук колдойм!
Аны өлкө бою киргизиш керек деп эсептейм.

Кечээ шаарды айланып байкап чыктым: парктарда, көчөлөрдө көптөгөн адамдар сейилдеп жүрөт. Азыр эс алуу убактысы эмес, азыр – карантин! Азыр өзүбүздү изоляциялоо учуру! Бийлик катуу чара көрүшү керек. Бул убакыттын талабы!

Ойлонуңуздар! Урматтуу Кыргызстандыктарым!
Сиз экөөбүздү жашасын деп дарыгерлерибиз коркунучтуу абалда иштеп жатышат! Сиз экөөбүздүн коопсуздугубуз үчүн милиция коркунучтуу абалда иштеп жатат! Чегараларыбыз ишенимдүү болсун деп чегарачыларыбыз коркунучтуу абалда иштеп жатышат! Эгерде үйдөн чыкпай сактансак, биз аларга жана өзүбүзгө болгон коркунучтарды азайтабыз! Үйдө бол!
Коронавирусту жеңебиз!», — деп жазылат кайрылуусунда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>