“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 5 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу саясатчынын сурактан чыгышын күтүп турган кабарчыбыз жеринен кабарлады.
Бабанов журналисттерге, сурак Он-Адырдагы маселе боюнча жүргүзүлгөнүн айтып, тергөөчүлөр ага сый-урмат менен мамиле кылганын билдирген. Ошондой эле УКМК аны 23-августта дагы суракка чакырганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Бабанов кечээ Финполго “Кыргызстан” банкынын айланасындагы иштер боюнча сурак берип чыккан.