Өмүрбек Бабановдун аты Чолпон-Атада өткөн жорго салышта биринчиликти алды. Бул тууралуу саясатчы өзү «Фейсбук» баракчасына жазды.
“Менин жоргом Чолпон-Атада өткөн бышты жорго салышта биринчиликти алды! Ура! Роки менин атканамда туулуп-өсүп, тапталган. Андыктан сүйүнүчүм абдан чоң!”, — деп жазган Бабанов билдирүүсүндө.
Кечээ, 14-июнда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышына карата ири ат чабыш уюштурулган. Анда ат чабыштын 11 түрү уюштурулуп, ага баш аягы 200дөй күлүк катышкан.