БАЭ никесиз жашоого жана алкоголь ичүүгө уруксат берди

БАЭ никесиз жашоого жана алкоголь ичүүгө уруксат берди

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги спирт ичимдигин ичкендерди, өз жанын кыюуга аракет кылгандарды жана никеден тышкары чогуу жашагандар үчүн жазаны жокко чыгарды. Бул тууралуу  РИА Новости жазды.

БАЭнин президенти Халифа бин Зейд Аль Нахайян адамдын жеке статусу жана жарандык мамилелер жөнүндө мыйзамдардын жоболоруна жана Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ошол эле учурда, аялдарды куугунтуктагандар үчүн жаза дагы катуураак болот.

Чет элдик инвесторлордун каржылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында мураскорлордун эрежелери жаңыртылды. Мындан ары мурас, керээзде так белгиленбесе, маркумдун чыккан өлкөсүнүн протоколдоруна ылайык жүргүзүлөт. Жергиликтүү мыйзамдар БАЭдеги бардык мүлккө карата колдонулат. Нике жана ажырашуу шарттары күйөөсүнүн чыккан өлкөсүнө эмес, никеге турган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык сакталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>