Байкоңурдан учурулган космостук кеме Бишкектиктерди таң калтырды (видео)

Байкоңурдан учурулган космостук кеме Бишкектиктерди таң калтырды (видео)

Байкоңурдан учкан “Союз МС-13” космостук кемеси Бишкектин айрым тургундарын таң калтырса, социалдык тармактын колдонуучуларынын тамашасына алынды. Тагыраагы 21-июлга караган түнү асманда учуп бараткан белгисиз жарыкты шаар тургундары видеого тартып алышып, социалдык тармактарга жүктөшкөн.

Instagram`дагы OMKS баракчасына жүктөлгөн видеого колдонуучулар “Темир киши Илон Маск”,  «учуучу тарелка», “Атамбаев качып баратат”, “Бишкекке келген Ольга Бозова кайткан го”, — деген тамашка пикирлерди калтырышкан.

Белгилей кетсек, “Союз МС-13” космостук кемеси 20-июль күнү Бишкек убактысы менен түнкү саат 22:38де Байкоңур космодромунан ийгиликтүү учурулган.

«Роскосмостун” сайтына жарыялангандай, Кемени эл аралык экипаж башкарат. Анын курамында  орусиялык  космонавт Александр Скворцов, Европа космос агенттигинин астронавты, италиялык Лука Пармитано жана НАСА астронавты Эндрю Морган бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>