Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Борбордук шайлоо комиссиясы бузуп жатканын айтып, бул боюнча маалымат алууга депутаттарды чакырды.
Анын айтымына караганда, президент 28-августта парламенттик шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койду.
«Мыйзамда так жазылып турат, президент мыйзамгакол койгондон тартып БШК 7 күндүн ичинде бир мандаттуу округдарды бекитиши керек деп. Акыркы мөөнөт 5-сентябрь болгон. БШК 5-сентябрда токтом кабыл алып, 14-сентябрда ал токтомду өзгөртүп башка токтом кабыл алып жатат. Бул мыйзамсыз. Эртең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга ал жол ачып жатат», — деди Бакиров.
Ошондой эле ал өлкөнүн экинчи борбор шаары болгон Ошко бир мандат кылып койгонун айтып, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы парламентке чакырууну сунуш кылды.