Бакыт Төрөбаев: Акыркы 5 жылда 3 миң чакырымдан ашык жол салынды

12.08.2025 | 16:31

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясын жетектеп, тармактагы иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери жол жана транспорт тармагына 101,7 миллиард сом бөлүнгөн. Бул акчага акыркы 5 жылда 3 048 чакырымдан ашык жол жана көпүрө курулуп, 2 453 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Көп жылдан бери бүтпөй келген бир катар жолдордун курулушу да ордунан жылган.

Стратегиялык долбоорлордун бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Анын жалпы узундугу 526 чакырым, анын ичинен 304 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт. Кыргыз аймагындагы жолдун 40% тоннелдер жана көпүрөлөрдөн турат.

Ал эми “Кыргыз темир жолу” 2025-жылдын алты айында 4,9 миллион тонна жүк ташыган.

“Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ири жолдор курулуп жатат. Бул ийгиликтер сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин жыйынтыгы. Мындан аркы өсүш дагы сиздердин ишиңиздерге байланыштуу”, — деди Төрөбаев.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top