Бакыт Төрөбаев Баткен жана Кадамжай райондорун өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

08.08.2025 | 12:11

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен жана Кадамжай райондорунун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү талкуулоо максатында Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул сапар Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөн жыйындарда аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуу маселеси каралды. Негизги багыттар катары айыл чарбасын, өнөр жайды, туризмди жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү белгиленди.

Иш сапардын жыйынтыгында жергиликтүү администрацияларга бир катар тапшырмалар берилди:

2030-жылга чейин райондорду өнүктүрүүнүн планын иштеп чыгуу жана мамлекеттик менен жеке инвестицияларды тартуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү.

Теги: Баткен
Scroll to Top