Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Кооптуу жүк ташыган унааларга текшерүү күчөтүлдү
08.08.2025 | 11:20

Акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын катышуусунда болгон жол кырсыктары адам өмүрүн алган учурлар менен коштолууда. Мындай окуялардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда күйүүчү-майлоочу материалдарды, жардыргыч заттарды, уулуу, радиоактивдүү жана башка кооптуу заттарды ташыган унаалардын техникалык абалы, жүк ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө. Эреже бузган айдоочуларга карата тийиштүү административдик чаралар көрүлүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай текшерүүлөр мындан ары да улантылары кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар