Бакыт Төрөбаев Ноокатта 2030-жылга чейинки өнүгүү программасы боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында “Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” алкагында жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыйында райондун учурдагы социалдык-экономикалык абалы, улуттук программанын артыкчылыктуу багыттары, жергиликтүү деңгээлде Иш-чаралар планын иштеп чыгуу маселелери каралды.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, айыл чарба, өндүрүш өнөр жайы жана туризм — Ноокат районунун негизги өнүгүү багыттары болушу керек. Ал комплекстүү ыкма менен заманбап инфраструктура куруу, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Жыйын соңунда райондук администрацияга төмөнкү тапшырмалар берилди:
- 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн Иш-чаралар планын түзүү;
- Аймактык векторлорго (айыл чарба, туризм, индустрия, жашыл энергетика, региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартууну күчөтүү.