Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызынын сүрөтү интернетке жарыяланды.
Учурда анын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат.
Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп үстүбүздөгү жылдын 27- июлунда дайындалган болчу.
[su_image_carousel source=»media: 42885″ crop=»none» autoplay=»4″]