«Балдар аянтчасы сатылбасын». Арча-Бешиктин жаштары Жапаров менен Ташиевге кайрылды (видео)

«Балдар аянтчасы сатылбасын». Арча-Бешиктин жаштары Жапаров менен Ташиевге кайрылды (видео)

Бишкектеги Арча-Бешик конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден алардын конушундагы эки балдар аянтчасын сактап калууга жардам берүүнү суранууда.

Тургундардын атынан «Арча-Бешик Ынтымагы» коомдук бирикмеси видеокайрылуу жасап, конушта ансыз да балдар ойной турган аянтчалар аз экенин, алардын жеке колго сатылып кетишине каршы экенин билдирүүдө.

«Арча-Бешиктеги балдар аянтчалары турган жерлерге улам-улам документтер жасалып, жеке колдорго өтүп кетип жатат. Алардын бирөө «Шералиев көчөсү 303» дарегинде жайгашкан. Учурда бул балдар аянтчасынын жери сатыкка чыгарылыптыр, жарнамасы интернетте жүрөт. Биз балдар аянтчасынын сатылганына каршыбыз.

Ошондой эле Дабан жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинде, №97 мектептин аркасында балдар аянтасы бар. Ошол жердин 15 сотыхынын үчтөн бир бөлүгүнө кызыл китеби берилип, сатылып кеткен. Калган жерге жашыл китеп чыгарылган. Ал мурдатан балдар аянтчасы болуп келген. Сиздерден суранычыбыз, Арча-Бешиктин жаштарынын үнүн угуп, көзөмөлгө алып, бул маселени чечип бериңиздер», — дейт алар кайрылуусунда.

«Арча-Бешик Ынтымагы» коомдук бирикмеси билиргендей, 2022-жылы «Шералиев көчөсү 303» дарегинде жайгашкан балдар аянтчасына мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган көчмө комиссия келип, ал жер кызыл чекте турарын, кызыл китеп берилбей турганын айтып кеткен. Бирок арадан 2 жыл өтүп-өтпөй эле соцтармактардагы жарнамалардан аталган жердин 4 сотыхы кызыл китеби менен сатыкка чыгалырган көрүп калышкан. Мындан улам алар балдар аянтчаларынын жерлерине чыгарылып берилген кызыл китепти жокко чыгарууну, ошондой эле мурда убалангандай ал жерге балдар аянтчасын жана футбол аянтчаларын куруп берүүнү суранууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>