Балдарды сатып алып, аларга карата аморалдык аракеттерди жасашкан. Бишкекте 2 адам соттолду

07.04.2026 | 17:49

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту балдарды сатууга жана жашы жете электерге карата адеп-ахлаксыз аракеттерди жасоого айыпталган жарандарга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, Казакстандын А.А. аттуу жараны (аял киши) жана анын шериги Кыргызстандын С.С. аттуу жараны 2024-жылдын сентябрь айында кармалган. А.А. Израилдин А.Б. аттуу жараны менен кылмыштуу кутумга кирип, С.С. аттуу жарандан үч жашы жете элек баланы сатып алышып, адеп-ахлаксыз аракеттерди жасаганы аныкталган. Андан соң алар балдарды жылаңачтап, денесинин интимдик бөлүктөрүн сүрөткө тартышкан. Материалдарды мессенджерлер аркылуу чет өлкөгө жөнөтүп турушкан.

Мындан тышкары, аталган топ дагы эки баланы толук камкордукка алууга уруксат алып, аларга карата ушундай эле аракеттерди жасашкандыгы такталган. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Балдарды сатуу) менен кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 12-мартында соттун чечими менен айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, Казакстандын жараны А.А. мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга, ал эми Кыргызстандын жараны С.С. 11 жылга эркинен ажыратылган.

Scroll to Top