Балет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болушту

24.01.2026 | 14:27

Министрлер кабинети театр-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин жеңилдетилген шарттарда пенсиялык камсыздоого укугу бар категорияларынын тизмесин белгилеген токтомду бекитти. Документ маданият кызматкерлеринин кесиптик ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу аларды социалдык коргоону күчөтүү максатында кабыл алынды.

Жаңы токтомго ылайык, өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна төмөнкүлөр ээ болду:

  • балет артисттери;
  • кесиптик көркөм жамааттардагы бий номерлерин аткаруучу артисттер;
  • мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери.

Чечим «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Бул акт менен буга чейин аталган маселелерди жөнгө салып келген Өкмөттүн 1997-жылдын 1-декабрындагы № 694 токтому күчүн жоготту деп табылды.

Жаңы ченемдер 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Кабыл алынган чаралар эмгеги жогорку физикалык күч келүү менен байланышкан чыгармачыл кесип ээлери үчүн социалдык кепилдиктердин деңгээлин жогорулатууга багытталган. Документтер топтому расмий жарыяланды жана КР Социалдык фонду тарабынан аткарууга алынды.

Reporter.kg маалымкаты: Кыргызстанда жана РФте өзгөчө эмгек шарттары (зыяндуу, кооптуу, оор) үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу жалпы курактан (КРде эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш) эрте ардактуу эс алууга чыгууга мүмкүндүк берет.

Scroll to Top