Акча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилдиКыргызстанда балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталууда. Айып пул — 55 миң сомго чейин
Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
15.02.2026 | 14:00

15-февралдан баштап Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндө жайгашкан көпүрөдө реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Оңдоп-түздөөнүн алкагында жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилип, транспорттук агымдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу пландалууда. Ушуга байланыштуу аталган тилкеде унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.
Кайгуул кызматы айдоочуларды маршруттарды алдын ала пландоого жана альтернативдик жолдорду колдонууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом