Балыкчы— Ананьево— Каракол унаа жолунда 23-июндан 26-июнга чейин унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Чектөөлөр бүгүн Чолпон-Ата шаарында баштала турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жыйынын өткөрүүгө байланыштуу.
Маалым болгондой, Балыкчы-Каракол унаа жолунун тилкесинде жолдор маал-маалы менен жабылат.