Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Балыкчы шаарындагы эстелик боюнча мэр жооп берди: «Зынк болот!»
09.07.2025 | 19:10
Соңку күндөрү социалдык тармактарда Балыкчы шаарындагы Пётр Семёнов-Тян-Шанскийге арналган эстеликтин алынышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Жарандар бул тарыхый эстеликтин тагдырына тынчсызданып, анын жок болуп кеткенине нааразы болушууда.

Бул боюнча шаар мэри Султан Кермалиев өзү комментарий берип, эстелик жок болуп кетпей турганын билдирди:
«Пётр Петровичтин эстелиги татыктуу ордун табат. Кыскасы, бүтсөңөр, көрөсүңөр. Зынк болот. Мээни тепкилебегиле, иш да жетишет», — деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Семёнов-Тян-Шанский — Тянь-Шанды изилдеген биринчи европалык окумуштуу. Анын эстелиги Балыкчыда (мурдагы Рыбачье) совет мезгилинде орнотулган.
Рубрики: Жаңылыктар