Банктар аралык соодада АКШ долларынын кымбаттоосу уланууда

Банктар аралык соодада АКШ долларынын кымбаттоосу уланууда

27-июлда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 5 миллион 640 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Соодалар америкалык валютанын баасы 81,5 сомдон (26-июлдагы сооданын жабылуу курсу) 82,5 сом +1,22%га кымбатташы менен ачылды. Сооданын жабылышына карата доллардын курсу дагы 0,3 сомго кымбаттап, жабылуу курсу 82,8 сом деп белгиленди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>