Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Барскоон айыл аймагында суунун нугу мыйзамсыз өзгөртүлгөнү аныкталды
20.08.2025 | 14:10

Барскоон айыл аймагынын №15 контурунда Барскоон суусунун Ысык-Көлгө кошулган куймасынын нугун мыйзамсыз өзгөртүп кеткен учур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык:
- Бул аймак суу коргоочу зонага кирет жана аянты 1 600 чарчы метрди түзөт;
- Мыйзам бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян:
Жер кыртышына келтирилген зыян: 1 568 980 сом; - Жалпы зыяндын көлөмү: 2 510 083,36 сом.
“Бул факт жергиликтүү жана мамлекеттик органдар тарабынан катталып, тиешелүү чара көрүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар