Кыргызстандын чек арачылары Түркиядан башка адамдын паспорту менен учуп келген аялды кармашты.
Анталия Бишкек каттамы аркылуу учуп келген 30 жаштагы Э.Э. атуу аял “Манас” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө пунктунан 40 жаштагы адамдын пасортун көрсөткөн.
Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Январь – Июнь айларында:
Чек арадан өткөн ададмардын саны — 11 миллиондон ашык;
Чек арадан өткөн тарнспорт каражаттары — 800 миңден ашык;
Мамлекеттик чек араны бузуп кармалгандар — 86 адам;
Жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылгандар 2364;
Депортация болгондор 757;