Дары-дармектер департаментинин жетекчилигине 8 иш козголду

Дары-дармектер департаментинин жетекчилигине 8 иш козголду

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актыларынын бир-бирине дал келбестиги, мындан улам, медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда тутумдук коррупциялык схема аныкталган. Мындан тышкары, департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо, экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн. Мындай аракет менен коронавирус пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарга барышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  фактылары боюнча 8 иш козголуп, тергөө иштери башталган.

Ошондой эле, Башкы прокуратуранын сунушу менен тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>