Башкы прокуратура Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгонун төгүндөдү

Башкы прокуратура Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгонун төгүндөдү

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Алманбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге эч кандай кылмыш козголбогонун билдирди. 

“Жалпыга маалымдоо каражаттарында А.Н.Шыкмаматов жана С.Жапыкеевдерге карата Башкы прокурата жана Аскер прокуратуасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалыматтар таркатылып жатат. Өз учурунда көзөмөл орган жогорудагы маалымат чындыка дал келбей тургандыгын жана аларга карата кылмыш иши козголбогондугун, ошондой эле аталган адамдардын үстүнөн кандайдыр-бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн билдирет”, деп жазылат маалыматта. 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алманбет Шыкмаматов буга чейин Аскер прокуратурасы ага 245-берене (Имараттарды жана курулмаларды басып алуу) менен кылмыш ишин козгогонун кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>