Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Башкы прокурор: Коюлган айыптар боюнча Атамбаев 15 жылга камалышы мүмкүн
27.06.2019 | 12:58
“Атамбаев кайсы кодекс боюнча жазага тартылат?” Мындай суроону бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго берди. Жыйында Алмазбек Атамбаевдин экс-президент жана кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселе каралууда.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тергөө иштери 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык жүрүүдө экенин билдирди.
“Атамбаев “Коррупция” беренеси боюнча быйыл январь айында күчүнө кирген кодексттер боюнча жүрөт. 319-берененин биринчи бөлүмү бул 5-категорияда эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн. Анда 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин, ал эми экинчи бөлүгүндө 6-категорияда 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, – деди Башкы прокурор.
Рубрики: Саясат