Баткен: Ак-Сайда коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн саны 600гө жетти

Баткен: Ак-Сайда коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн саны 600гө жетти

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Баткен районунун Ак-Сай айылынан коопсуз аймакка чыгарылгандардын саны 600гө жетти. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

23-июлда Кыргызстандын менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Алар биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Эскерте кетсек, Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>